Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз! 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылды – Кыргыз мамлекетинин көзкарандысыздыгы жана суверендүүлүгү жарыяланып, андан ары өнүгүүнүн татыктуу жолун тарыхый тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Жалпы элибизге тынчтык жана ынтымак, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз!