Айлык жол жүрүү билетинин колдонуу мөөнөтү өзгөрөт
2026-жылдын 1-октябрынан тартып айлык жол жүрүү билеттеринин колдонуу мөөнөтүн аныктоо тартиби өзгөрөт.
Буга чейин айлык жол жүрүү билети календардык айга жарактууу болчу.
Эми билеттин колдонуу мөөнөтү сатып алынган (активацияланган) күндөн тартып бир айга (30 күнгө) эсептелет.
Мисалы:
билет 1-октябрда сатылып алынса → 30-октябрьга чейин;
15-октябрда сатылып алынса → 14-октябрьга чейин;
Маанилүү: 2026-жылдын 1-октябрына чейин сатылып алынган жана календардык ай боюнча колдонулуп жаткан жол жүрүү билеттеринин күчү сакталат. Алар төлөнгөн мөөнөт аяктаганга чейин мурдагы шарттар боюнча жарактуу болот.
Бул өзгөртүү жүргүнчүлөргө айлык жол жүрүү билетин айдын каалаган күнүндө сатып алып, төлөнгөн мөөнөттү толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Recent Comments