Катанын түшүндүрмѳсү:

  • «Карта кара тизмеде» — картада каражат жок, же сиз картаны жаңы эле толуктадыңыз. Мындай учурда 0312 582 000 телефон номери менен байланышыңыз
  • «Карта таанылган жок! Дагы бир жолу тийгизиңиз!» — артаны туура эмес тийгизген же ылдам алып алган учурда ката болот.
  • «Карта иштебейт» — сейрек ката, система кабыл албаган картаны тийгизген учурда пайда болот.
  • «Карта табылды! 2 секунд күтүңүз! Дагы бир жолу тийгизиңиз!» — жүргүнчү 2 секунддук интервалды күтпөй, удаама удаа картаны тийгизген учурда пайда болот.
  • «Бир айга жүрүүчү карта! Кийинки жүрүү 5 мүнөттөн кийин гана» — карта менен бир канча жүргүнчүгө төлөө аракети болгон учурда пайда болот.