«Тулпар картасы менен» –
ылдам
жана ыңгайлуу

 

 

et|icon_check_alt2|R

Ылдам:

Жол кирени заматта төлөө – болгону картаны эсептегичке тийгизиңиз
et|icon_check_alt2|R

Ыңгайлуу:

Нак акча издеп, жүрүп бараткан транспортто кайтарым акчаны күтүүнүн кереги жок
et|icon_check_alt2|R

Универсалдуу:

Бардык муниципиалдарда иштейт, келечекте коммерциялык маршруттарда

Каалаган суммага
толукта:

  • Оператордун тейлөө Борборлорунан
  • Билет кассаларында жана чекене сатуу жайларынан
  • Төлөмдөрдү кабыл алуучу автоматтардан

Бул кандай иштейт

Эми жол акысын төлөө ыңгайлуу жана коопсузураак

01

Тулпар картасын алыңыз

Карточкаларды уюлдук операторлордун кеңселеринен жана “Кыргыз почтасы” МИ кеңселеринен сатып алууга болот.

02

Карточканы валидаторго тийгизиңиз

Жол акысын төлөө үчүн, картаны кире бериштеги валидаторго тийгизиңиз

03

Төлөм ийгиликтүү өткөнүн текшериңиз

Дисплейдеги жашыл белги жана үн сигналы төлөмдү тастыктайт

Тулпар картасы менен жол кирени кантип төлөө керек?

1. Картаны байланышсыз төлөм белгисине тийгизиңиз (аны «Картаны бул жакка тийгизиңиз» деген белги көрсөтөт»). Картаны валидаторго бардык жагы менен тийгизе берсеңиз болот, башкысы, 2-3 секунд күтүп, валидатордун экранында «Ийгиликтүү» деген жазуу менен добуш чыкканга чейин күтө туруңуз.

2. Жашыл фондогу «Ийгиликтүү» деген жазууну жана добуштук билдирүүнү күтүп туруңуз. Эгерде эки же андан ашык адамга төлөсөңүз – төлөгөндөн кийин 2 секунд күтүп туруңуз.

3. Эгерде валидатордун экранында кызыл фондо текст пайда болсо, ал тѳмѳнкүнү билдирет:

Катанын түшүндүрмѳсү:
«Карта каттоого алынбаган» — же карта валидатордон бат алынган, же сиз картаны эсептегичтин төмөнкү бөлүгүнө тийгизген жоксуз.
«Карта кара тизмеде» — картада каражат жок, же сиз картаны жаңы эле толуктадыңыз. Мындай учурда0312 582 000 телефон номери менен байланышыңыз
««Карта таанылган жок! Дагы бир жолу тийгизиңиз!» — артаны туура эмес тийгизген же ылдам алып алган учурда ката болот.
«Карта иштебейт» — сейрек ката, система кабыл албаган картаны тийгизген учурда пайда болот.
«Карта табылды! 2 секунд күтүңүз! Дагы бир жолу тийгизиңиз!» — жүргүнчү 2 секунддук интервалды күтпөй, удаама удаа картаны тийгизген учурда пайда болот.
««Бир айга жүрүүчү карта! Кийинки жүрүү 5 мүнөттөн кийин гана» — карта менен бир канча жүргүнчүгө төлөө аракети болгон учурда пайда болот.

Персонификацияланган карта:

  • Жеткиликтүү: курагына жараша пенсионерлерге, 1,2,3-топтогу ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна жараша мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын почтачыларына, алардын кызматтык милдеттерин аткаруу маалында, Бишкек шаарынын окуучуларына.
  • Муниципиалдык Транспортто тийешелүү категориядагы жарандарга акысыз жүрүүгө укук берет.
  • Муниципиалдык Транспортто окуучуларга жеңилдик менен жүрүүгө укук берет.

Персонификацияланбаган карта:

  • Коомдук Транспортту колдонуу үчүн бардык жүргүнчүлөргө жеткиликтүү.
  • Муниципиалдык Транспортто бир жолу жүрүүгө укук берет.
  • Ар кандай тарифтеги жүрүү билеттерин алууга жана жазууга мүмкүндүк берет.
  • Муниципиалдык Транспортто жүрүүчү билеттерди алууга мүмкүндүк берет, ал эми жакынкы келечекте – коммерциялык транспортторго дагы.

17-июнга карата жеңилдетилген тулпар карталарын берүү пункттарынын иш убактысы өзгөртүлдү

Көңүл буруңуз, маанилүү маалымат!Урматтуу жарандар! 17-июнга карата жеңилдетилген тулпар карталарын берүү пункттарынын иш убактысы өзгөртүлдү.Тейлөө борборлору эртең саат 13: 00-дө ишин баштайт....

Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов шаардын көйгөйлөрүн талкуулады

BPC Group компаниясынын улуу вице-президенти Тохир Абдукадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек...

Муниципалдык коомдук транспорттор күчтүү кызматта иштеп жатышат

Муниципалдык коомдук транспорттор күчтүү кызматта иштеп жатышатУчурда Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана Бишкек троллейбус дирекциясы күчөтүлгөн режимде таңкы саат 5:30дан кечки 23:00гө...

«Тулпар» мобилдик тиркемеси

  • Картаны кошуңуз
  • Чыгашаларды кѳзѳмѳлдѳңүз
  • Картаны жоготкон учурда иштѳѳсүнѳ бѳгѳт коюп салыңыз
Google Play

Бизге жазыңыз: