Суроолор жана жооптор
1. ПЕРСОНИФИКАЦИЯЛАНГАН ТУЛПАР КАРТАСЫН КАЯКТАН САТЫП АЛСА БОЛОТ?
Персонификацияланган картанын эки түрү бар:
- окуучулар үчүн (жашыл түстѳ);
- жеңилдик каралган категориядагы жарандар үчүн (кызыл түстѳ).
Окуучулардын персонификацияланган картасын мектептен алса болот же сайттан арыз толтурууңуз. Картаны мектептен алуу үчүн ата-энелер тѳмѳнкүлѳрдү кылуусу керек:
- арыз менен кайрылуу;
- баланын персоналдык маалыматтарын берүүгѳ макулдугун берүү;
- окуучунун электрондук түрдѳгү сүрѳтүн берүү;
- картаны жасоонун акысын тѳлѳѳ – баасы 50 сом (бир жолку жүрүүгѳ 8 сом балансы менен).
МААНИЛҮҮ! Маалыматты жыйноо процессин, окуучулардын тизмесин түзүү жана картаны жасоого маалыматтарды берүүнү мектептин администрациясы демилгелеши керек.
Жеңилдик каралган категориядагы жарандар үчүн персонификацияланган карта (пенсионерлер, майыптыгы барлар, почтальондор) акысыз берилет. Картаны Тейлѳѳ-борборлорунда жана Бишкек троллейбустук башкармалыгында ачылган атайын жайлардан алууга болот.
Карта даяр болгондон кийин МАБдын кызматкерлери жарандарды бир күнгѳ, бир саатка чакырышат. Мындай система картаны берүү этабында кезек күткѳндѳрдүн санын азайтууга жардам берет. Долбоордун бул этабында 80 миңден ашык жеңилдик каралган карталар берилет.
Тулпар картасын алуу үчүн тѳмѳнкүлѳр зарыл:
- жеңилдик каралган картаны берүүчү жайга келүү;
- ѳздүктү ырастаган документти кѳрсѳтүү, Бишкек шаардык транспортунда жеңилдик менен жүрүүнү тастыктаган документти берүү (пенсиондук күбѳлүк, майыптыгы боюнча күбѳлүк, почтальондун күбѳлүгү);
- жеринен сүрѳткѳ түшүү;
- картаны алып, алгандыгы боюнча колун коюп берүү.
МААНИЛҮҮ! Нускама менен таанышыңыз – жеңилдик каралган картаны каерден, кантип алса болот.
2. КАРТАНЫ КАНТИП, КАЕРДЕН АЛСА БОЛОТ?
- Кыргыз Почтасынын почталык бѳлүмдѳрүнѳн
- UMAI, PAY24 тѳлѳм системасынын терминалдарынан
- О! мобилдик операторунун терминалдарынан
- ЭЛСОМ, О!Денги, Balance.KG, MegaPay, MBankOnline, Элкарт Мобайл тиркемелеринен.
3. КАРТАНЫ ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫК АРКЫЛУУ ТОЛУКТАСА БОЛОБУ?
- Balance.KG
- О! Деньги
- ЭЛСОМ
- MegaPay
- Mbank Online
- Элкарт Мобайл
- КереметБанк
4. ПЕНСИОНЕРЛЕРГЕ ПЕРСОНИФИКАЦИЯЛАНГАН КАРТАЛАРДЫ АЛУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?
5. ОКУУЧУНУН ПЕРСОНИФИКАЦИЯЛАНГАН КАРТАСЫН КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?
- арыз менен кайрылуу;
- баланын персоналдык маалыматтарын берүүгѳ макулдук берүү;
- окуучунун электрондук түрдѳгү сүрѳтүн берүү;
- картаны жасоонун акысын тѳлѳѳ – баасы 50 сом (бир жолку жүрүүгѳ 8 сом балансы менен).
МААНИЛҮҮ! Маалыматты жыйноо процессин, окуучулардын тизмесин түзүү жана картаны жасоого маалыматтарды берүүнү, окуучунун сүрѳтүн компания-операторго берүүнү мектептин администрациясы, тактап айтанда, мектептин директору демилгелеши керек.
6. АРЫЗ МЕНЕН КАЙРЫЛГАНДАН КИЙИН КАНЧА УБАКЫТТА КАРТАНЫ КОЛУМА АЛЫП КАЛАМ?
Жеңилдик каралган категориядагы жарандардын персонификацияланган картасы зарыл документтер менен МАБга кайрылган учурда берилет.
7. КАРТА ЖОГОЛГОН УЧУРДА КАНТИП КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ КЕРЕК?
Персонификацияланбаган картаны калыбына келтирүүдѳ ал карта сиздин аккаунтуңузга кошулган болушу зарыл. Аны ѳз алдынча https://app.tulpar-card.kg/login.html сайты аркылуу кошсоңуз болот же оператордун тейлѳѳ борборлоруна кайрылыңыз. Авторизацияланган персонификацияланбаган картаны жоголгон учурда алмаштырып алса болот – жаңы карта аракеттеги аккаунттун системасына кошулат.
8. КИМДИР БИРѲѲ МЕНИН АТЫМАН ПЕРСОНИФИКАЦИЯЛАНГА КАРТАНЫ АЛЫП АЛУУСУ МҮМКҮНБҮ?
9. МЕН КАРТА АРКЫЛУУ БАШКА АДАМДЫН ДА ЖОЛ КИРЕСИН ТѲЛѲЙ АЛАМБЫ?
10. УЛУУ АДАМ ОКУУЧУНУН КАРТАСЫН ПАЙДАЛАНА АЛАБЫ?
11. КАРТА ЖАБЫРКАГАН УЧУРДА КАЯККА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?
12. ТУЛПАР КАРТАСЫ КАНЧА ТУРАТ?
13. ЭСЕПТИ ТОЛУКТООНУН МАКСИМАЛДУУ СУММАСЫ КАНЧА?
14. СЕРВИСТИК БОРБОРЛОРДОН ДАЯР КАРТА ЖОКТУГУН АЙТЫШТЫ, МЕН КАНТИП АЛСАМ БОЛОТ?
Аталган категориядагы жарандар үчүн коомдук транспортто жүрүү буга чейин эле акысыз болсо, мындан кийин да ошондой болот.
Картаны алуу үчүн
- белгиленген убакытта келүү
- персонификацияланган карталарды алуу үчүн ѳздүктү ырастаган документти, Бишкек шаарынын муниципиалдык транспортунда жеңилдик менен жүрүүгѳ укук берген (пенсиялык күбѳлүк, майыптыгы боюнча күбѳлүк, почтальондун күбѳлүгү) документтерди тапшыруу жетиштүү (Бишкек шаарынын аталган категориядагы жарандары гана акысыз жүрѳ алат).
- жеринен сүрѳткѳ түшүү
- картаны алуу
- алгандыгы боюнча кол коюп берүү
15. ТУЛПАР КАРТАСЫ КАНЧА УБАКЫТКА ЧЕЙИН ЖАРАКТУУ БОЛОТ?
Жекелештирилген жана персоналдаштырылбаган Тулпар карталарынын жарактуу мөөнөтү 5 жыл.
16. КАРТАДАН КАРТАГА АКЧАЛАЙ КОТОРУУЛАРДЫ ЖҮРГҮЗСѲ БОЛОБУ?
17. КАРТА МЕНЕН КОЛДОГУ ЖҮККѲ ТѲЛѲМ ЖҮРГҮЗСѲ БОЛОБУ?
18. ЭГЕРДЕ ТѲЛѲМ ѲТПѲЙ ЖАТСА, ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Мындай учурда картанын балансын толуктоо керек же айдоочудан 50 сомго карта сатып алуу зарыл. Андай болбосо транспорттук каражаттан түшүп кетүүгѳ тийишсиз.
Кѳйгѳй тууралуу сервис-борборго 01312 582000 номери аркылуу кабарлап, маршруттагы катачылыкты кѳрсѳтүңүз.
19. КАРТА СЕЙРЕК КОЛДОНУЛСА, АНДАГЫ БАЛАНС КҮЙҮП КЕТПЕЙБИ?
Эгерде сиз карта менен сейрек пайдалансаңыз, кѳк картаны сатып алып, аны мисалы 100 сомго же ѳзүңүзгѳ ылайыктуу башка суммага толуктап, муниципиалдык транспорттун кызматынан ѳзүңүз каалаган учурда пайдалана берсеңиз болот.
20. ШААРДЫН ЧЕТИНДЕГИ АВТОБУСТАРДЫН ЖОЛ КИРЕ АКЫЛАРЫН ТУЛПАР КАРТАСЫ МЕНЕН ТѲЛѲСѲ БОЛОБУ?
21. ТУЛПАР ПОРТАЛЫНА КАНТИП КАТТАЛУУ КЕРЕК?
22. ТУЛПАР КАРТАСЫН КАНТИП АВТОРИЗАЦИЯ КЫЛУУГА БОЛОТ?
23. ЖОЛ КИРЕ КАРТАСЫН КАНТИП АЛУУ КЕРЕК?
24. ТУЛПАР КАРТАСЫН ЭМНЕГЕ КАТТОО КЕРЕК?
- Балансты кѳрүүгѳ
- Сапарлардын баянын кѳрүүгѳ
- Картанын иштешин токтотуп салууга
- Жол кире билетин сатып алууга.
Жеке бѳлмѳңүздү https://app.tulpar–card.kg/login.html сайтынан ача аласыз. Катталуу жѳнүндѳгү үйрѳтүүчү видеону биздин YouTube каналыбыздан кѳрсѳңүз болот.
25. ТУЛПАР КАРТАСЫН КАНТИП КАЙТАРЫП ЖЕ АЛМАШТЫРЫП АЛУУ КЕРЕК?
25. ТУЛПАР КАРТАСЫН КАНТИП КАЙТАРЫП ЖЕ АЛМАШТЫРЫП АЛУУ КЕРЕК?
27. БИР ЖҮРГҮНЧҮ КАНЧА КАРТА САТЫП АЛА АЛАТ?
Персонификацияланбаган картаны алуу чектелбеген.
28. МЕНИН ЖОЛ КИРЕ БИЛЕТИМ БОЛСО, МАГА ТУЛПАР КАРТАНЫН ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР?
29. ТУЛПАР КАРТАСЫН АЙДООЧУЛАРДАН САТЫП АЛУУГА БОЛОБУ?
30. КАРТАДАГЫ БАЛАНСТЫ КАНТИП БИЛҮҮ КЕРЕК?
31. БАРДЫК АВТОБУС ЖАНА ТРОЛЛЕЙБУСТАРДА ТУЛПАР КАРТАСЫН КОЛДОНУУГА МҮМКҮНБҮ?
№5, №35 автобустук маршруттарга орнотулган жок, анткени, бул автобустар жеке компанияга тийешелүү.
32. IOS ҮЧҮН ТУЛПАРДЫН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ БАРБЫ?
33. ANDROID ҮЧҮН ТУЛПАРДЫН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ БАРБЫ?
34. Ийгиликсиз сапар үчүн акчаны кантип кайтарып алууга болот?
Мен троллейбуска / автобуска отурдум, карта менен төлөдүм, бирок унаа иштебей калгандыктан акыркы көздөгөн жерге жеткен жок. Ийгиликсиз сапар үчүн акчаны кантип кайтарып алууга болот??
Айдоочуга барып, акчаны кайтарып берүүнү сурашыңыз керек.
Мындай учурда айдоочу валидаторду кайтаруу режимине которуп, жол акысы төлөнгөн картаны тиркөөгө тийиш.
35. "Тулпар" тиркемесинин акыркы нускасын Android'де колдонуп, иштеп чыгуучуларга аны сынап көрүүгө жардам бергим келет, аны кантип жасасам болот?
1) Play Market’ке өтүңүз
2) Издөө тутумун колдонуп, Тулпар мобилдик тиркемесин таап, толук маалымат менен баракчага өтүңүз
3) Бета-версия жөнүндө маалыматты табуу (алар барактын эң аягында болушу мүмкүн)
4) Эгер бета-версиясы бар болсо, “Кошулуу” баскычын басыңыз
Эскертүү: Тулпар тиркемесинин бета-версиясы туруксуз жана анда каталар болушу мүмкүн.