Картанын түрлѳрү:

Кызыл карта

  • акысыз берилет.
  • аны муниципиалдык транспортто жеңилдик менен жүрүүгѳ укугу бар жарандар ала алышат

Бул категорияларга тийешелүүлѳр:

  • пенсионерлер;
  • 1,2,3-топтогу ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна жараша мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;
  • бала кезинен майыптыгы барлар;
  • «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын почтачылары;
  • Карта сервистик борборлордо  берилет.

Жашыл карта

  • окуучуларга арналган.
  • Картанын баасы 50 сом, баага бир жолку сапар кирет.
  • Карта мектептерде берилет, ал үчүн арыз берилип, окуучунун аты жѳнүн, персоналдык маалыматтарын жана фото сүрѳтүн берүүнѳ макулдугун бериши керек. Же сайттан арыз толтурууңуз
  • Карта жоголгон учурда мектепке кайрадан арыз жазылып, жаңы картага буюртма берүү зарыл, басып чыгаруу акысы тѳлѳнѳт.
  • Бир айлык жол кире билетинин баасы: – окуучулук (бирдиктүү) 175 сом.

КѲК КАРТА

  • стандарттык карта
  • «Картаны «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын бѳлүмдѳрүнѳн, О! Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен жана сатуу жайларынан, дүкѳн түйүндѳрүнѳн, аялдамалардын жанындагы чекене дүкѳндѳрдѳн, ошондой эле автобус жана троллейбустардын айдоочуларынан сатып алууга болот.
  • Картанын баасы – 50 сом, баага бир жолку сапар кирет.
    Тулпар кѳк картасынын балансын ар кандай жол менен каалаганча толуктоого болот.
  • Бул карта муниципиалдык транспортто тѳмѳнкү тариф менен жүрүүгѳ укук берет:
  • Бир жүргүнчүнүн бир жолку сапарынын баасы:
    – троллейбуста – 8 сом;
    – автобуста – 8 сом.

Видеолор