Коомчулукта талкуу жараткан окуяда өзүнүн ишин так аткарып, жол кирени талап кылган жана ишкананын позициясын түшүндүргөн айдоочуну сыйладык.

Бул жерде дагы бир нерсени тактап коюу керек.

Бишкек шаарындагы жеңилдетилген жол жүрүү «Тулпар» кызыл транспорттук картасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Жеңилдикти күбөлүк көрсөтүү менен же башка жол менен колдонууга каралган өзүнчө тартип жок.

Төлөнүүчү болобу же жеңилдетилген болобу – ар бир жол жүрүү автоматташтырылган системада катталып, эсепке алынууга тийиш. Бул жүргүнчүлөрдүн жол киресин жана жеңилдиктер боюнча сапарларды так эсепке алуу үчүн зарыл.

Айдоочу өз алдынча кимге жеңилдик берилерин чечпейт. Жеңилдик тиешелүү тартипте расмий белгиленип, жүргүнчүгө транспорттук карта аркылуу берилген учурда гана система аны жеңилдетилген сапар катары каттайт.

Биз айдоочуну талаш жараткан жагдайда өз милдетин так аткарып, белгиленген тартипти сактаганы үчүн сыйладык.