Көңүл буруңуз! 10-августтан тарта «Тулпар» көзөмөл кызматы иштей баштайт, адистер айдоочулардан сатыкка коюлган карталардын бар-жогун текшерип, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелерин, картаны жана валидаторлорду колдонуп маалымдайт.

Эгерде накталай акча менен төлөө фактысы аныкталса, адистер айдоочуларга жана көзөмөлдөөчү транспорттук компанияга карата мындан аркы аракеттерди көрүү үчүн акт түзүшөт.

Урматтуу жарандар! Тулпар карталарына өтүңүздөр! Артыкчылыктары көрүнүп турат: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачыктыгы, эң башкысы, нак акча менен байланыш жок. Ал тургай ДСУ банкнотторду колдонуудан алыс болууну сунуштайт.

Көк Тулпар стандарттуу карталарын түз эле айдоочулардан, уюлдук операторлордун кеңселеринен же Кыргыз почтасынын кеңселеринен 50 сомго сатып алууга болот, баага бир жолу бекер кирүү кирет.

Жеңилдик категориядагы жарандар үчүн кызыл карточкалар дагы деле болсо райондук администрациянын имаратында жана шаардык троллейбус администрациясында берилет.

Урматтуу жарандар! Тулпар системасы боюнча суроолоруңуз болсо:

0312 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg

Көзөмөл кызматы