«Тулпар картасы менен» –
ылдам
жана ыңгайлуу
Ылдам:
Ыңгайлуу:
Универсалдуу:
Каалаган суммага
толукта:
- Оператордун тейлөө Борборлорунан
- Билет кассаларында жана чекене сатуу жайларынан
- Төлөмдөрдү кабыл алуучу автоматтардан
Бул кандай иштейт
Эми жол акысын төлөө ыңгайлуу жана коопсузураак
01
Тулпар картасын алыңыз
Карточкаларды уюлдук операторлордун кеңселеринен жана “Кыргыз почтасы” МИ кеңселеринен сатып алууга болот.
02
Карточканы валидаторго тийгизиңиз
Жол акысын төлөө үчүн, картаны кире бериштеги валидаторго тийгизиңиз
03
Төлөм ийгиликтүү өткөнүн текшериңиз
Дисплейдеги жашыл белги жана үн сигналы төлөмдү тастыктайт
Тулпар картасы менен жол кирени кантип төлөө керек?
1. Картаны байланышсыз төлөм белгисине тийгизиңиз (аны «Картаны бул жакка тийгизиңиз» деген белги көрсөтөт»). Картаны валидаторго бардык жагы менен тийгизе берсеңиз болот, башкысы, 2-3 секунд күтүп, валидатордун экранында «Ийгиликтүү» деген жазуу менен добуш чыкканга чейин күтө туруңуз.
2. Жашыл фондогу «Ийгиликтүү» деген жазууну жана добуштук билдирүүнү күтүп туруңуз. Эгерде эки же андан ашык адамга төлөсөңүз – төлөгөндөн кийин 2 секунд күтүп туруңуз.
3. Эгерде валидатордун экранында кызыл фондо текст пайда болсо, ал тѳмѳнкүнү билдирет:
Катанын түшүндүрмѳсү:
«Карта кара тизмеде» — картада каражат жок, же сиз картаны жаңы эле толуктадыңыз. Мындай учурда0312 582 000 телефон номери менен байланышыңыз
««Карта таанылган жок! Дагы бир жолу тийгизиңиз!» — артаны туура эмес тийгизген же ылдам алып алган учурда ката болот.
«Карта иштебейт» — сейрек ката, система кабыл албаган картаны тийгизген учурда пайда болот.
«Карта табылды! 2 секунд күтүңүз! Дагы бир жолу тийгизиңиз!» — жүргүнчү 2 секунддук интервалды күтпөй, удаама удаа картаны тийгизген учурда пайда болот.
««Бир айга жүрүүчү карта! Кийинки жүрүү 5 мүнөттөн кийин гана» — карта менен бир канча жүргүнчүгө төлөө аракети болгон учурда пайда болот.
Персонификацияланган карта:
- Жеткиликтүү: курагына жараша пенсионерлерге, 1,2,3-топтогу ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна жараша мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын почтачыларына, алардын кызматтык милдеттерин аткаруу маалында, Бишкек шаарынын окуучуларына.
- Муниципиалдык Транспортто тийешелүү категориядагы жарандарга акысыз жүрүүгө укук берет.
- Муниципиалдык Транспортто окуучуларга жеңилдик менен жүрүүгө укук берет.
Персонификацияланбаган карта:
- Коомдук Транспортту колдонуу үчүн бардык жүргүнчүлөргө жеткиликтүү.
- Муниципиалдык Транспортто бир жолу жүрүүгө укук берет.
- Ар кандай тарифтеги жүрүү билеттерин алууга жана жазууга мүмкүндүк берет.
- Муниципиалдык Транспортто жүрүүчү билеттерди алууга мүмкүндүк берет, ал эми жакынкы келечекте – коммерциялык транспортторго дагы.
Биз сиз менен бирге
Карта, жылмаюу жана жакшы маанай менен.Биз сиз менен бирге - шаардын көчөлөрүндө жана ар бир сапарда 💙 View this post on Instagram A post shared by Тулпар 💙...
№153 жана №1 экспресс каттамдарында транспорт кодун терүү менен төлөө мүмкүндүгү ишке киргизилди.
№ 153 (Аэропорт - Бишкек) жана № 1 (Ала-Арча) экспресс каттамдарында транспорт кодун терүү менен төлөө мүмкүндүгү ишке киргизилди. Тулпар тиркемеси аркылуу транспорт кодун колдонуп төлөө үчүн:1️⃣...
Жаңы эки электробус маршруту ишке киргизүүгө даярдалып жатат
Бишкекте жаңы эки электробус маршруту - №33 жана №66 ишке киргизүүгө даярдалып жатат.Замандуу, экологиялык жана ыңгайлуу - жакында эле алар шаар көчөлөрүнө чыгышат. View this post on Instagram A...
«Тулпар» мобилдик тиркемеси
- Картаны кошуңуз
- Чыгашаларды кѳзѳмѳлдѳңүз
- Картаны жоготкон учурда иштѳѳсүнѳ бѳгѳт коюп салыңыз
