Жеңилдиги бар картаны алуу

Жеңилдиктен пайдаланчу категориядагы жарандарга персонификацияланган карта (пенсионерлер, майыптар, почтальондор) акысыз берилет. Картаны сервистик борборлордон (райондук акимиаттардан) алууга болот.
«Тулпар» картасын алуу үчүн тѳмѳнкүлѳр зарыл:

  • картаны берүү пунктуна келүү;
  • Бишкек шаарынын муниципиалдык транспортунда жеңилдик менен жүрүүгѳ укугу бардыгын жана ѳздүгүн далилдеген документти кѳрсѳтүү (пенсиялык күбѳлүк, майыптыгы боюнча күбѳлүк, почтальондун күбѳлүгү);
  • жеринен сүрѳткѳ түшүү;
  • картаны алып, алганын тастыктап колун коюп берүү.

Ленин райондук Сервис-борбору
Дареги: Чүй пр., 315 (Ленин районунун администрациясынын имараты)
Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин

Свердлов райондук Сервис-борбору 
Дареги: Чүй пр., 28 (Свердлов райондук администрациясынын имараты)
Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин

Октябрь райондук Сервис-борбору
Дареги: Байтик Баатыр пр., 17 (Октябрь райондук администрациясынын имараты)
Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин.