Android үчүн тулпар тиркемесинин бета – сыноо программасына кантип кошулуш керек

Бета – версия – Google Play’деги тиркеменин жаңы эксперименталдык версиясы. Ал расмий версиясында азырынча жок болгон функцияларды камтышы мүмкүн.

Маанилүү! Ушул этапта тиркеме кийинки расмий версияга караганда анча туруктуу болбой калышы мүмкүн экендигин унутпаңыз. Бул мезгил-мезгили менен анын иштебей калышы жана кээ бир функциялардын туура эмес иштеши мүмкүн экендигин билдирет.

Тулпар тиркемесинин сынамык версиясына кантип кирүүгө болот?

  • Google Play маркетин ачыңыз
  • Тулпар тиркемесинин барагын таап ачыңыз
  • “Бета – сыноого катышыңыз” деген аталышка чейин ылдый түшүп, “Кошулуу” баскычын басыңыз.
  • Экранда көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Сыноо программасына катталгандан кийин, тиркемени жаңыртышыңыз керек болот

Кошумча жол

Ошондой эле түз шилтеме аркылуу бета – сыноо программасына кошула аласыз. Бул жерде сиз “Сыноого катышуу” баскычын гана басып, андан соң тиркемени жаңыртышыңыз керек.