Бүгүн, шаардык мэриянын жыйындар залында өзгөчө кырдаалдагы шаардык коомдук транспорттун иши боюнча онлайн брифинг өттү.

Шаардык транспорт башкармалыгынын (ШТБ) башчысы Сатыбалды Хакимов, Бишкек троллейбус башкармалыгынын башчысы (ЖК “БТБ” ) Артур Өмүрзаков, BPC KG компаниясынын директору Тимур Саадабаев жана Тулпар долбоорунун адиси Бекжан Акматбеков “жолдордогу” кырдаал жөнүндө айтып беришти.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында Москва шаарынын мэриясы Швейцариянын BPC компаниясы менен биргеликте “Тулпар” муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай эмес төлөө боюнча долбоорду ишке ашырууда. 27-августта шаардыктар 100 миңге жакын стандарттык көк карталарды, 38 миң жеңилдетилген кызыл карталарды жана 6 миң 175 мектеп жашыл “Тулпар” карталарын сатып алышты. Андан ары ишке ашыруу үчүн 90 миң көк, 50 миң кызыл жана 60 миң жашыл карталар даярдалды.

Ата-энелер жеке мектеп окуучулары карта ала алабы деп сурашты. “Тулпар” адиси Б.Акматбеков жашыл карталарды алуу үчүн мектеп директорлору расмий арыз жана “Тулпар” компаниясына окуучулардын тизмеси менен кайрылышы керектигин айтты.

С.Хакимов билдиргендей, учурда департамент мүмкүнчүлүгү чектелген шаар тургундарына шарт түзүү боюнча иш-аракеттерди баштаган, унаа сатып алууда кире бериштин деңгээли, пандустар менен жабдылган жана атайын жүргүнчүлөр үчүн аянтча эске алынышы керек.

Троллейбус башкармалыгынын башчысы А.Өмүрзаков белгилегендей, 140 троллейбустун 115 бирдиги пандустар менен камсыздалган. Учурда айдоочулар атайын жарандарга жардам беришет, алар ар дайым тренингдерден өтүп, майыптар менен иштөө боюнча көрсөтмөлөрдөн өтүп турушат.

Эскерте кетсек, шаардык жүргүнчүлөр транспорту (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар) учурда дем алыш жана майрам күндөрү иштеп жатат, иштөө режими эртең мененки саат 7ден 11ге чейин жана түшкү саат 14төн кечки 11ге чейин сакталат. 11ден 14кө чейин – унаа каражаттарын жууп, тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык тыныгуу.

Урматтуу жарандар! Сураныч, үйдө болуңуздар! Беткап кийип, колуңузду антисептик менен дарылаңыз. Автобустарда жана троллейбустарда банкноттордон алыс болуңуз, жол акысын “Тулпар” картасы менен төлөңүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго биз ар дайым номерлер менен жооп берүүгө даярбыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!

#Live: онлайн-брифинг по вопросам работы общественного транспорта в условиях ЧС.

#Live: онлайн-брифинг по вопросам работы общественного транспорта в условиях ЧС.

Опубликовано МЭРИЯ города Бишкек Среда, 26 августа 2020 г.