КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

Социалдык тармактарда белгисиз адамдар тарабынан Тулпар транспорт картасы боюнча жүргүзүлүп жаткан акция жана утуш жөнүндө жалган билдирүүлөр таралууда.
📢 Расмий түрдө билдиребиз: Азыркы учурда Тулпар долбоору эч кандай акцияларды же конкурстарды өткөрбөйт.
Мындай жарыялар – алдамчылык.

❗️Этият болуңуздар, шектүү шилтемелерге кирбеңиздер.

✅ Ишенимдүү маалыматтарды, жаңылыктарды жана мүмкүн болгон акцияларды биздин социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбыздан жана Telegram-каналдан гана таба аласыздар.