BPC Group компаниясынын улуу вице-президенти Тохир Абдукадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайберген менен жолукту.

Тохир Абдукадыров коомдук транспортто электрондук билет сатуу тутумун киргизүүнү камтыган “Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоорунун алкагындагы долбоорду ишке ашыруунун убактылуу жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жүргүнчүлөргө ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн ушул долбоорду ишке ашырууну улантуу керектигин айтты.

«Бул система муниципалдык коомдук транспортто гана киргизилген. Анын колдонулушун жарандарды ташыган жеке унааларда валидаторлорду орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу менен кеңейтүү керек. Бишкектеги коомдук транспортто жүрүү акысы толугу менен накталай эмес болушу керек.

Ошондой эле, автоунаа жүгүртүүнү азайтуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына заманбап жана экологиялык таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек. Бишкек шаары коомдук автоунаа паркын түп-тамырынан бери масштабдуу оңдоп-түзөөгө жана көбөйтүүгө муктаж. Бир нече күн мурун байкалган транспорттук кыйраш кайталанбашы керек”, – деп жыйынтыктады ал.

Пресс-релиз