Көңүл буруңуз, маанилүү маалымат!
Урматтуу жарандар!

2-июнда жеңилдетилген тулпар карталарын берүү пункттарынын иш убактысы өзгөртүлдү.
Ленин жана Октябрь райондорунда жайгашкан тейлөө борборлору эртең иштебейт. Жарандар жеңилдетилген карталарды алуу үчүн 3-июнда эле кайрыла алышат.

Свердлов районундагы тейлөө борбору техникалык себептерден улам бир нече күнгө ишин токтотууга аргасыз болууда. Жаңылануу жөнүндө кошумча маалымат беребиз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Даректер:

Ленин районунун тейлөө борбору
Дареги: Чүй пр., 315 (Ленин районунун администрациясы)
Свердлов районунун тейлөө борбору
Дареги: Чүй пр., 28 (Свердлов районунун администрациясы)
Октябрь районунун тейлөө борбору
Дареги: Байтик Баатыр көч., 17 (Октябрь районунун администрациясы)