Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Биздин команда QR кодун колдонуп, муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын төлөөнүн сынамык долбоорун баштады.

Жол акысын төлөө үчүн телефонуңузга Тулпар тиркемесин ишке киргизип, төмөнкү оң бурчтагы кошуу белгисин басып, QR кодун сканерлеп же троллейбустун кире беришиндеги салондо жайгашкан транспорттук кодду түздөн-түз теришиңиз керек.
Жол акы төлөнгөндүгүн ырастоону “жүрүү тарыхы” бөлүмүнөн көрүүгө болот.

Урматтуу шаардыктар! №2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 троллейбустун бардык каттамдарында жана №38 автобус каттамында QR кодун колдонсо болот. Жакында транспорттун калган бөлүгүнө QR коддорун орнотобуз.
Функция жеткиликтүү болушу үчүн Тулпар мобилдик тиркемесин жаңыртуу керектигин эскертебиз.