Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! №36 маршруттук каттамдын кыймылынын схемасы өзгөртүлдү, эми автобус Жибек Жолу проспектисинен Осмонкул көчөсүнө Шоро компаниясына кетпей, түз эле Ауэзов көчөсүнө (Адамедин-1, Учкун, Тунгуч, Өскөн-Ордо) баратат.

Бул каттамды жакшыртуу үчүн жол кыймылынын схемасы өзгөртүлдү. Чечим ушул аймактын жашоочуларынын активдүү катышуусу менен макулдашылып, кабыл алынды.

Азыр №36 автобус “Ак-Өргөө” конушунан Ауэзов көчөсүнө чейин жүрөт, Осмонкул көчөсүндөгү  “Шоро” компаниясына каттабайт.

Коомдук транспортко байланыштуу бардык кайрылууларды жана арыздарды   1840, 1850 номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун (0554) 182 185 номерине жөнөтүңүздөр. Электрондук билеттерди алуу үчүн 0312 582000 номерине чалып, feedback@tulpar-card.kg электрондук почтасына кайрылыңыз