Урматтуу жарандар, жүргүнчүлөр! 14-апрелден баштап Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагында Өмүракунов көчөсүндө, Т Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин, жол иштерин баштоо пландаштырылууда.

Буга байланыштуу троллейбус каттамдары убактылуу өзгөрүлдү:

  • Буга чейин “Тунгуч” кичи районунан” Ак-Өргө” турак жай конушуна чейин каттаган №7 троллейбустун каттамы “Тунгуч” – Эт комбинаты схемасы боюнча убактылуу жүрөт. Линияга 14 троллейбус 7-8 мүнөттүн аралыгы менен чыгат.
  • Чыгыш Автовокзалынан “Ак-Өргө” турак жай конушуна чейин өткөн №8 троллейбус каттамы эми Чыгыш Автовокзалынан Айыл чарба Институтуна чейин, 12 троллейбус көлөмүндө, 8-9 мүнөт аралыгы менен убактылуу жүрөт.

Урматтуу жарандар! Бул убактылуу чаралар, жол иштери аяктагдан кийин каттамдар калыбына келтирилет.

Шаардык троллейбустардын иштешине байланыштуу суроолор боюнча биз ар дайым: 0700411905 номери боюнча жооп берүүгө даярбыз – “Бишкек троллейбус башкармалыгы”.