Урматтуу жарандар, жүргүнчүлөр! Бүгүн эртең менен Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде троллейбус линиясы үзүлдү. Шаардык троллейбус башкармалыгынын оңдоо тобу (МТ “БТУ) тез арада ал жерге жетип, көйгөйлөрдү чечти.

Катуу шамал жана жаан-чачынга карабастан, коомдук транспорттун бардыгы кадимки режимде иштешет, шаардык транспорт башкармалыгынын адистери абалды көзөмөлдөп турушат.

Бүгүнкү күндө линияга жүздөн ашуун муниципалдык жана жеке автобус, 124 троллейбус жана 1657 кичи автобус чыкты.

Урматтуу жарандар! Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго биз ар дайым төмөнкү номерлерден жооп берүүгө даярбыз:
• Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
• Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553022753;
• Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.
Электрондук билеттерди алуу үчүн 0312 582000 номерине чалып, feedback@tulpar-card.kg электрондук почтасына кайрылыңыз