Урматтуу жарандар, жүргүнчүлөр! Бүгүн саат 10:53-тө подстанцияда, Шота Руставели көчөсү менен “Жал” кичи районунда кырсык болду. Шаардык троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери (МП “БТУ”) дароо кырсык болгон жерге жөнөштү, учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.
Оор жүктөн жана тармактын ашыкча чыңалуу коркунучу болгондуктан, убактылуу өзгөрүүлөр кирди:

  • Буга чейин “Тунгуч” кичи районунан “Жал” кичи районуна чейин каттаган №5 троллейбус эми №8 кичи району – “Тунгуч” кичи району схемасы боюнча убактылуу жүрөт.
  • №14 троллейбус каттамы ишин убактылуу токтотту.

Урматтуу жарандар! Бул убактылуу чаралар, кырсыктар жоюлгандыктан каттамдар калыбына келтирилет.
Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз, жарандардан каттамын алдын ала ойлонуп чыгууну өтүнөбүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго биз ар дайым төмөнкү номерлерге жооп берүүгө даярбыз:
• Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
• Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553022753;
• Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;
• Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg