Ушул дүйшөмбүдөн баштап, биз мобилдик тиркемеде муниципалдык транспорттун онлайн режиминде көзөмөлдөө функциясын иштете баштадык. Эми сизде автобусту жана троллейбусту азыркы убакыт менен көзөмөлдөп, маршрутуңузду алдын-ала пландаштырууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Колдонуу үчүн, Тулпар тиркемесин жүктөп, жеке аккаунт түзүп, андан соң “маршруттар” бөлүмүнө өтүп, тизмеден ылайыктуу жолду тандап алышыңыз керек. Туура иштөө үчүн туруктуу интернет байланышы талап кылынат. Картадагы сандар аймактагы аялдамалардын санын билдирет.

Тест өтүп жатканда, жаңы функцияны колдонуп, өз пикириңизди калтырууга чакырабыз. Тулпар тиркемеси боюнча суроолоруңуз же көйгөйлөрүңүз болсо, 582000 ишеним телефонуна чалып же социалдык тармактарда бизге кат жазсаңыз болот