Шаар өз ишин улантууда. «Тулпар» накталай эмес төлөм системасы толугу менен муниципалдык коомдук транспортто иштейт.
Шаардык кызматтын ишмерлери дагы «Тулпар» карталарына өтүүдө.
Биздин «Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасынын 200-гө жакын эмгекчил багбандарыбыз «Тулпар» стандарттык көк карталарын алышты.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиз коомдук транспортто накталай эмес эсептешүүгө өтүүнү чечкен болсоңуз, анда уюлдук операторлордун кеңселеринен, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен жана автобустар менен троллейбустардын айдоочуларынан көк карталарды сатып алсаңыз болот. Картанын баасы — 50 сом (биринчи сапар үчүн төлөөгө 8 сом калдык менен).

Накталайсыз төлөө тарифине которулуңуз. Артыкчылыктары айдан ачык: коопсуздук, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң башкысы, накталай акча менен байланыш жок.