Шаардык троллейбустар бишкектиктердин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт. Алар күн сайын миңдеген адамдарды ташып, шаардык транспорттун ажырагыс бөлүгү болуп калган.

Туура 70 жыл мурун айдоочу Николай Тагильцев биринчи жолу жапжаңы MTB-82D троллейбусунун рулуна отуруп, “Фрунзе атындагы темир жол бекети – Свердлов көчөсү “ (азыр Илимдер академиясынын жанындагы шакек) маршруту боюнча айдаган. Троллейбус каттамдарынын ишке киргизилген учурдагы жалпы узундугу 8,4 км. Шаарда 4 гана троллейбус болгон, алар бир жыл иштегенде үч миңден ашуун жаранды ташышкан.

Көчөлөргө биринчи троллейбус линиялары тартылды:

  • №1 каттам– Линейная, Советская , Сталин (азыркы Чүй проспектиси) Крупская атындагы балдар үйүнө чейин.
  • №2 каттам – темир жол бекети – Ленин проспектиси (азыркы Жибек Жолу проспектиси).

Бүгүнкү күндө Бишкек троллейбус башкармалыгынын балансында 183 троллейбус бар, алар 11 каттамды тейлейт.

  • №2 троллейбус каттамы Фрунзе атындагы завод – Аламедин-1 кичи району
  • №4 троллейбус каттамы Эт комбинаты-Булгаары заводу;
  • №5 троллейбус каттамы Жал кичи району – Чыгыш автобекети;
  • №6 троллейбус каттамы 8- кичи району – Батыш автобекети;
  • №7 троллейбус каттамы Ак – Өргө конушу-Тунгуч кичи району;
  • №8 троллейбус каттамы Ак – Өргө турак-жай конушу- Чыгыш автобекети;
  • №9 троллейбус каттамы Айыл чарба институту – Аламедин-1 кичи району;
  • №10 троллейбус каттамы Асанбай кичи району- Эт комбинаты
  • №11 троллейбус каттамы Асанбай кичи району – Чыгыш автобекети;
  • №14 троллейбус каттамы Киркомстром- Жал кичи району;
  • №17 троллейбус каттамы Асанбай кичи району- Булгаары заводу

Ишканада 673 кызматкер иштейт, анын ичинде 25 жылдан ашык иштеген 100дөн ашуун “Эмгек ардагерлери”  бар. COVID-19 пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, шаардын троллейбустары 2020-жылы 17 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейледи.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын жалпы жамаатын бүгүнкү маараке менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Чың ден-соолук, жакшы маанай жана талыкпас эмгек каалайбыз! Талыкпаган эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз!