Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу 31-декабрь жана 1-январда коомдук транспорттун жүрүү графиги бир аз өзгөрүлөт.

31-декабрда №2, №4, №7, №8, №10, №14 автобустар, кичи автобустар жана троллейбустар эртең мененки саат 6-дан түн ортосуна чейин иштешет.

1-январда эртең мененки саат 8-ден кечки 8-ге чейин автобустар менен троллейбустар, ал эми кичи автобустар 00: 00-гө чейин шаар тургундарынын кызматында болушат.

Коомдук транспорттун суроолору боюнча төмөнкү телефонго кайрылыңыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637, 533648 ;

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа транспорту ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 534824;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905, 635199;

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!