Урматтуу шаар тургундары, жүргүнчүлөр! Биз сиздер үчүн Жаңы жылдык сюрприз даярдадык! Эртең, 2020-жылдын 15-декабрынан 2021-жылдын 31-январына чейин виртуалдык тулпар картасына кайрылсаңыз болот.
Виртуалдык карта NFC колдоосу бар Android смартфондорунун ээлери үчүн гана жеткиликтүү.

Тулпар акысыз виртуалдык картасы — ул кыска аралыкта жайгашкан (10 см чейин) жогорку жыштыктагы зымсыз байланыш технологиясы, бул кыска аралыкта жайгашкан түзмөктөрдүн ортосунда, мисалы, окурман терминалы менен уюлдук телефондун же пластик смарт-картанын ортосунда маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Картаны түзүү үчүн Тулпар тиркемесин жүктөп, андан кийин жеке эсеп жазуусун түзүп, виртуалдык картаны чыгаруу керек.
Төлөмдү жүргүзүп жатканда, “Тулпар” тиркемесине киргизиңиз, виртуалдык картаны басып, андан кийин контактсыз төлөм сүрөтчөсүн басып, телефонду валидаторго алып келип, операциянын ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө белги күтүңүз.

Баса, виртуалдык Тулпар картасы акысыз туташтырылган, төлөө учурунда телефон интернетке туташып турушу керек.
Артыкчылыктары айдан ачык: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң башкысы накталай акча менен байланыш жок. Кантсе да, эми “Тулпар” ар дайым сиздин смартфонуңузда болот!
Виртуалдык Тулпар картасына кайрылууда суроолоруңуз же көйгөйлөрүңүз болсо, 582000 ишеним телефонуна чалсаңыз же социалдык тармактарда бизге кат жазсаңыз болот.