Урматтуу жараандар, ата-энелер жана балдар! Эми мектептик жашыл “Тулпар” картасын алуу андан да оңой болду!

Сизге ыңгайлуу болушу үчүн, биз жашыл “Тулпарга” үйүңүздөн чыкпай туруп онлайн кайрылуусун толтурууга мүмкүнчүлүгүн иштеп чыктык.

Кайрылууну калтыруу үчүн, сиз https://www.tulpar-card.kg/kg/karta-zhonyndo/kartany-aluu/ сайтына өтүшүңүз керек. Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн (сүрөт документтердегидей болушу керек) жана бардык керектүү документтерди (окуган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жүктөп берүү керек. Эгерде сиз баардыгын туура толтурган болсоңуз, анда кайрылууңуз адистер тарабынан каралат, карта 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.

Эгерде сизде Тулпар картасын колдонууда кандайдыр бир суроолор же көйгөйлөр пайда болсо, анда 582000 ишеним телефонуна чалып же бизге Telegram мессенджерлерине (https://t.me/tulpar_card) жазсаңыз болот.

Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз: Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637; Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp; Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Бишкек – биздин сүйүктүү мобилдик шаарыбыз!