Урматтуу жарандар! Белгилүү болгондой, троллейбус жана автобус айдоочуларынан көк “Тулпар” картасын сатып алсаңыз болот. Сатып алуу учурунда картанын балансында 8 сом бар болот.

Бирок, тилекке каршы, айдоочулар эски карталарын карызы менен саткан учурларды каттайбыз. Айрым айдоочулар картаны валидаторго бир нече жолу колдонуп, анан жүргүнчүгө сатып жиберишет.

Мындай фактыларды четтетүү жана мындай мыйзам бузууларга жол берген айдоочуларды жоопкерчиликке тартуу максатында, биз “БТУ” жана “БПАТП” транспорттук компанияларынын жетекчилиги менен иштешебиз.

Эгерде сиз айдоочудан колдонулган картаны нөлдүк баланс менен же карызы менен сатып алган болсоңуз, анда биздин тейлөө борборлоруна кайрылып, форманы толтуруңуз. Биздин кызматкерлер арызды мүмкүн болушунча эртерээк карап чыгышат жана картанын балансын кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алышат.

Маанилүү! Күнүн/убактысын, борт номерин жана маршрутун көрсөтүш керек.

Сервистик борборлордун даректери.

Биринчи Май райондук Сервис-борбор Дареги: Жибек Жолу пр., 328 (кирүү батыш тараптан) Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин

Ленин райондук Сервис-борбору Дареги: Чүй пр., 315 (Ленин районунун администрациясынын имараты) Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин

Свердлов райондук Сервис-борбору Дареги: Чүй пр., 28 (Свердлов райондук администрациясынын имараты) Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин

Октябрь райондук Сервис-борбору

Дареги: Байтик Баатыр пр., 17 (Октябрь райондук администрациясынын имараты) Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин.