Эми биздин тутумдун жардамы менен диспетчердик пункт автобустун базасында иштейт, ал жерде ар бир автобустун, троллейбустун ишин көзөмөлдөөгө болот.

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасында коомдук транспорттун диспетчердик башкаруунун (АДБ) презентациясы болуп өттү.

22-сентябрда бардык муниципалдык автобустарда видеобайкоо тутуму жана валидаторлорго байланган GPS навигаторлору орнотулган.

Платформа жүргүнчүлөрдүн агымынын көлөмүн, акча каражаттарынын түшүүсүн, интервалдын сакталышын, “Тулпар” карталарын колдонуунун санын реалдуу убакыт режиминде үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө, ошондой эле айдоочулардын мыйзам бузуу фактыларын жоюуга жардам берет: күйүүчү майдын агып чыгышы, маршруттан чыгып кетүү, аралыктын бузулушу жана башкалар.

Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637; Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp; Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905; Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg

Бишкек – бул сүйүктүү санарип шаарыбыз!