Урматтуу жарандар!

Тулпар карталары менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны боюнча күнүмдүк статистиканы жарыялоону кайрадан баштадык.

Коомдук транспортто чектөө чаралары алынгандан кийин, накталай эмес төлөмдөрдү колдонгондордун саны туруктуу көбөйдү.

Ошентип, кечээ биз долбоор башталгандан бери жаңы рекорд жаздык. Тулпар картасы 22 000 жолу колдонулган. Ишеним үчүн жарандарга рахмат!