Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жол кирени төлөөнүн заманбап жана ыңгайлуу ыкмалары киргизилгендигине байланыштуу, Бишкек шаарынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, жаңы система жол кирени төлөө процессин жөнөкөйлөтүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту арттырат. Ошондой эле коомдук транспортто накталай акча жүгүртүүнү азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, тейлөө убактысын кыскартууга жана транспорт кызматтарынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Recent Comments