№ 153 (Аэропорт – Бишкек) жана № 1 (Ала-Арча) экспресс каттамдарында транспорт кодун терүү менен төлөө мүмкүндүгү ишке киргизилди.
Тулпар тиркемеси аркылуу транспорт кодун колдонуп төлөө үчүн:
1️⃣ «QR-кодду киргизүү» бөлүмүн ачыңыз.
2️⃣ Автобуста көрсөтүлгөн сандык транспорт кодун териңиз.
3️⃣ Төлөм жасаңыз.
4️⃣ Электрондук чекти айдоочуга көрсөтүңүз.
Ошондой эле эске салабыз: транспорт кодун терүү менен төлөө мүмкүнчүлүгү муниципалдык коомдук транспорттун бардык башка маршруттарында да жеткиликтүү.
Recent Comments