Бүгүн жол куруу иштери учурунда интернет провайдердин була-оптикалык линиясы үзүлүп, байланышта көйгөйлөр жаралды. Бул себептен QR-төлөмдөр убактылуу жеткиликсиз болуп калды.
Ошол эле учурда Тулпар карталары жана банктын карталары аркылуу төлөмдөр кадимкидей иштеп жатат.
Биздин команда провайдердин адистери менен биргеликте мүчүлүштүктү тез арада жоюу үчүн иштеп жатат. Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздарга ыраазыбыз!
Recent Comments